Мыйзамдар

gerb

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

  2024-жылдын 12-январы № 14

Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө

9-глава. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу, адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо

§ 1. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу

118-берене. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу

1. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу болуп донордук функцияны жүзөгө ашыруу жолу менен жарандардын саламаттыгын сактоого донорлордун ыктыярдуу катышуусу саналат.

2. Донордук функцияны жүзөгө ашыруу үчүн донорлорду тартуу акысыз же акы толөө негизинде жүргүзүлөт. Донорлорду акы төлөөнүн негизинде тартуу донордук функцияны акысыз негизде аткаруучу донорлор болбогон учурда жүзөгө ашырылат.

119-берене. Мамлекет тарабынан донордун укуктарын камсыздоо кепилдиктери

1. Мамлекет донорго анын укуктарын коргоого, донордук функциясын аткарып жаткан учурда өмүрүн жана ден соолугун сактоого кепилдик берет, ошондой эле ага социалдык кепилдиктерди берет.

2. Кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары донорго кан жана анын компоненттерин алуунун шарттары жана тартиби, канды жана анын компоненттерин берген учурда анын ден соолугунун сакталышына кепилдиктер тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.

3. Кан жана анын компоненттерин берүүнүн алдында донорду медициналык жактан текшерүү жана анын ден соолугунун абалы тууралуу маалымкат берүү акысыз жүргүзүлөт.

4. Донордук функцияны аткарган учурда өмүргө жана ден соолукка келтирилген зыяндын, анын ичинде дарылоого, медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүүгө, социалдык-эмгектик жана кесиптик реабилитациялоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Донордук функцияларын аткарууга байланыштуу алган донордун майыптуулугу жумуш учурунда алган залалдын кесепетинен пайда болгон майыптуулукка теңештирилет.

120-берене. Донордун укуктары жана милдеттери, социалдык кепилдиктери

1. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, тийиштүү медициналык текшерүүдөн өткөн жана кан тапшырууга каршы көрсөтмөлөрү жок, медициналык максаттарда кан жана анын компоненттерин берүүгө ыктыярдуу ниетин билдирген он сегиз жаштан алтымыш жашка чейинки курактагы дене бой жактан аракетке жөндөмдүү адам, анын ичинде чет өлкөлүк жарандыгы бар адам же жарандыгы жок адам донор болууга укуктуу.

2. Донор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кан жана анын компоненттерин акысыз берүүгө;

2) кан жана анын компоненттерин акы алып, берүүгө;

3) медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышууга.

3. Донор мурдагы оорулары жана азыркы оорулары, ошондой эле баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду колдонгондугу тууралуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.

4. Канын жана анын компоненттерин пайдаланууга тоскоолдук кылган өзүнүн ден соолугунун абалы жөнүндө өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды билип туруп жашырган же бурмалаган адам укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

5. Кан жана (же) анын компоненттерин берүүдө (акысыз жана акы төлөө түрүндө берүү учурунда) донорго Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө тамактанууга акчалай компенсация берилет.

6. Донорго компенсацияны кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары төлөп берет.

7. Донор болуп эсептелген кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөн күнү, ошондой эле кан жана анын компоненттерин берген күнү менчигинин түрүнө карабастан ишканадагы, мекемедеги, уюмдагы жумуштан анын орточо эмгек акысын сактоо менен бошотулат. Донор болуп саналган аскер кызматчысы медициналык текшерүүдөн өткөн күнү, ошондой эле кан жана анын компоненттерин берген күнү наряддан, вахтадан жана кызматтын башка түрлөрүнөн бошотулат. Донор болуп эсептелген студенттер, окуучулар медициналык текшерүүдөн өткөн күнү, ошондой эле кан жана анын компоненттерин берген күнү окуу-тарбия процессинен бошотулат.

8. Эгерде жумуш берүүчү менен макулдашуу боюнча донор болуп эсептелген кызматкер кан тапшырган күнү жумушка чыкса, ага анын каалоосу боюнча орточо эмгек акысын сактоо менен башка эс алуу күнү берилет. Донор ар жылдык өргүү мезгилинде, дем алыш же жумуш эмес майрам күнү кан берген учурда, анын каалоосу боюнча башка эс алуу күнү берилет.

9. Кан берген ар бир күндөн кийин жана кандын компоненттерин ырааты менен сегизинчи жолу бергенден кийин донорго анын орточо айлык акысын сактоо менен кошумча дем алыш күн берилет. Белгиленген дем алыш күн донордун каалоосу боюнча ар жылдык өргүүсүнө кошулушу же кан жана анын компоненттерин берген күндөн кийинки календардык жылдын ичинде башка убакта пайдаланылышы мүмкүн. Донор болуп эсептелген аскер кызматчысына кан же анын компоненттерин берген ар бир күндөн кийин кошумча дем алыш күнү берилет. Донор кан берген күнү донор донордук кан даярдоо менен алектенген саламаттык сактоо уюмунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен бекер тамак менен камсыз кылынат.

10. Канды жана анын компоненттерин дайыма акысыз берип келген донорлорго (эркектер – жылына төрттөн кем эмес жолу, аялдар – жылына үчтөн кем эмес жолу) канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинки он эки айдын ичинде эмгек стажына карабастан, оорулардын бардык түрлөрүндө убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча эмгек акысынын жүз пайыз өлчөмүндө жөлөкпул берилет.

11. Канды отуз жана андан көп жолу акысыз тапшырууну жүзөгө ашырган, канды кырк беш жана андан көп жолу акысын алуу менен берген, плазманы алтымыш жана андан көп жолу берген, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген донорлор “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” деген төш белги менен сыйланат. “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору”, “СССРдин Ардактуу донору”, “Кыргыз ССРинин Ардактуу донору” деген төш белгилер менен сыйланган Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз болууга;

2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецептери боюнча дары каражаттарын жеңилдетилген шарттарда сатып алууга;

3) ыңгайлуу убакта кезектеги өргүү алууга;

4) эсептик көрсөткүчтөн пенсиясына элүү пайыздык үстөккө;

5) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жеңилдетилген шарттарда медициналык тейленүүгө;

6) кандын компоненттерин жана препараттарын алардын наркынын элүү пайызын төлөө менен сатып алууга;

7) жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияны Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө алууга.

121-берене. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугуна көмөктөшүү боюнча ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрацияларынын, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин (начальниктеринин) милдеттери

1. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери (начальниктери):

1) жарандарды донорлордун катарына тартууда кан кызматына көмөк көрсөтөт;

2) жерине барып кан алууну өткөрүү күнү кан алуу үчүн зарыл болгон орун жайларды акысыз берет.

2. Донор болуп эсептелген кызматкерге эмгек мыйзамдарында белгиленген кепилдиктерди жана артыкчылыктарды берет.

122-берене. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу

1. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону кан кызматы жүзөгө ашырат.

Кан жана анын компоненттерин алуу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген стандарттарга жана тартипке ылайык донорду медициналык жактан текшергенден кийин жүргүзүлөт. Донордун медициналык текшерүүдөн өтүшү милдеттүү болуп эсептелет.

Донорду текшерүүнүн жыйынтыгы документтештирилүүгө тийиш жана ченемден кандай болбосун четтөөлөр донорго билдирилет.

2. Донордук кандын, анын компоненттеринин жана препараттарынын коопсуздугу донорлорду медициналык күбөлөндүрүүгө, медициналык пайдалануу үчүн кан продуктуларын өндүрүүдө коопсуздукка жана сапатка карата саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген талаптарды сактоо жолу менен камсыздалат.

Кандын жана анын компоненттеринин сапаты донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун сапат бөлүмү тарабынан контролдонот. Кан кызматы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдарда аткарылуучу лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүүнү кан кызматынын республикалык лабораториясы жүзөгө ашырат.

3. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын куюштурууну жүзөгө ашырып жаткан саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык кызматкерлер аларды коопсуз пайдалануу боюнча тиешелүү талаптарды, ошондой эле транфузиялык жардам көрсөтүүнүн тартибин сактоону камсыз кылууга милдеттүү.

4. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын сапат контролунан өткөнгө чейин колдонуу же сатуу үчүн берүүгө болбойт.

5. Табигый кырсыктарда, эпидемияларда, эпизоотияларда жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же анын айрым жерлеринде башка өзгөчө кырдаалдарда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу боюнча бардык иш-чараларды каржылоо мындай учурларда Министрлер Кабинетинин резервдик фондунун эсебинен жүзөгө ашырылат.

123-берене. Донордук канды жана анын компоненттерин, донордук кандын препараттарын ташып чыгуу жана ташып кирүү

1. Донордук канды жана анын компоненттерин, кандын препараттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

1) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн кандын компоненттерине жана препараттарына алмаштырууда;

2) чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өтө шашылыш жардам көрсөтүүдө;

3) Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттерге гуманитардык жардам көрсөтүүдө.

2. Донордук канды жана анын компоненттерин башка мамлекеттерге сатууга тыюу салынат.

3. Донордук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары ташып чыгаруунун жана донордук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.