Кантип кан донору болууга болот?

Тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөн жана кан тапшырууга каршы көрсөтмөсү жок, канды жана анын компоненттерин медициналык максаттарда донор болууга ыктыярдуу каалоосун билдирген он сегиз жаштан алтымыш жашка чейинки жеке адам кандын жана анын компоненттеринин донору болуп саналат.  

Кан донору болуу үчүн донор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) паспортту же инсандыгын тастыктаган башка документти көрсөтүүгө.

2) жугуштуу оорулар, жугуштуу оорулуулар менен байланышта болуу, массалык жугуштуу оорулардын же эпидемиялардын пайда болуу жана (же) жайылуу коркунучу бар аймактарда болуу, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды колдонуу жөнүндө ага белгилүү болгон маалыматтарды берүүгө, зыяндуу жана (же) кооптуу эмгек шарттары менен иштегендер, ошондой эле канды жана (же) анын компоненттерин тапшырганга чейин бир жыл ичинде жүргүзүлгөн эмдөөлөр жана хирургиялык кийлигишүүлөр жөнүндө.

3) медициналык текшерүүдөн өтүүгө.