Кан компоненттерине болгон муктаждык жогору болгондуктан жана донорлордун саны азайгандыктан, кан запастары өтө төмөн көрсөткүчкө жетти.
Ал эми жардамга муктаж жана жарандардын боорукерлигине үмүттөнгөндөрдүн саны көбөйгөндүн үстүндө.
Буга байланыштуу, бардыгыңыздарга кайрылуу менен, кан борборго келип, кан тапшырууга суранабыз.
Донор үчүн маалымат!
Кан тапшыруунун алдында:
- майлуу, куурулган жана сүт азыктарды жебеңиз;
- 48 саат ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө болбойт;
- 3 күн ичинде дары-дармектерди колдонууга болбойт;
- кош бойлуулук, бала эмизүү жана айыз циклден тышкары;
- оору, сыркоо маалынан тышкары.
Дарек: Чыңгыз Айтматов проспекти – 60,
Донорлорду кабыл алуу – саат 8.00 ден 14.30 га чейин. Жекшембиден башка күндөрү иштейт.